www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам укугуна арналган граффити дубалы пайда болду

Стрит-арт долбоору борбор калаанын мэриясынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн колдоосу менен түзүлгөн.

Бишкек шаарынын 10-кичи районунда, Малдыбаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде адам укугуна арналган граффити дубалы пайда болду.

Азыр боз жана байкалбаган дубал белгилүү укук коргоочу Нельсон Манделанын сүрөтү түшүрүлгөн жаркыраган көркөм композиция менен кооздолгон.

 

Стрит-арт долбоору "Эркиндик үнү" коомдук фондунун демилгеси менен, Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестиция департаменти жана "Бишкекглавархитектура" колдоосу менен БУУнун Эл аралык кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүнө жана Нельсон Манделанын Эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Граффити сүрөтчү Евгений Макшаковго таандык, ал эки күндүн ичинде композицияны чачыратма баллондор менен тарткан.

 

Нельсон Мандела өз өмүрүн тынчтык жана гуманизм жолуна арнаган - адам укуктарын коргоочу, эл аралык тынчтык орнотуучу жана эркин Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости