www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттары ачылган күндөн берки бир сутканын ичинде темир жол транспорттору аркылуу коммерциялык максат үчүн арналган 65 вагон менен 352 тонна, ал эми аба транспорттору менен – 374 килограмм товар ташып келишкен. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. 

Эскерте кетсек, "Манас", "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Бишкек-1", "Аламүдүн", "Кара-Балта" жана "Кара-Суу” темир жол станцияларында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштей баштаган.

Ушуга байланыштуу, темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү.

Учурда Кыргызстанда товарларды эсепке алуу пункттары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан 4 контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жерде, 2 эл аралык аэропортто, 5 темир жол станциясында иштейт.

Пункттар импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын аймагына импорттоодо товарларды эсепке алуу, аймактык салык органдарына товарларды ташып кирүү фактылары жөнүндө маалыматты онлайн түрүндө берүү максатында иштөөдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости