www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

2020-жылдын 2-декабрында болжол менен саат 21:00 чамасында Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен, “акчамды опузалап алып кетишти” деген маалымат 102 кызматына келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Т.А. аттуу аялдын чала таанышы 2 миң доллардан ашык акчасын опузалап, талап кылып алып кеткендиги аныкталган. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1987-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалып, Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости