www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрда "Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" жана "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык фонддон билдиргендей, 2021-жылы Социалдык фонддун бюджети бардык кирешелери менен 62 млрд 496 млн сом болууда. Жалпы чыгымдары 62 млрд 448 млн сомду түзүүдө. Келерки жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25% камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 38 млрд 181 млн сом түшүшү пландалды.
Ал эми республикалык бюджеттен 24 млрд 94 млн сом түшүшү каралууда. Аны менен катар пенсияларды жогорулатууга 510 млн сом каралууда. Сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө үчүн 373 млн 800 миң сом бөлүнүп жатат.
Ошондой эле 2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 700 млн сом багыттоо пландалууда.
Эске салсак, парламенттик угуу БУУнун өнүктүрүү программасынын жүзөгө ашырып жаткан "Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия" долбоорунун колдоосунда өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик-мекемелердин жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Булак: NazarNews.kg