www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-декабрдагы Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык фонддун келерки жылдагы бюджетин талкуулоого арналган парламенттик угууда жарандык коомдун өкүлдөрү каржылоодогу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.
"Союз добрых сил" уюмунун өкүлү Екатерина Соломатина Социалдык фонддун жалпы көйгөйлөрүнө токтолуп, пенсиялык фондго төккөн акчага жараша пенсия берилбей адилеттик жоктугун айтты. "Фермерлер жылына 180 сомдой гана пенсиялык төгүмдөрдү жасайт, ал эми башка кызматкерлер, маселен медицина кызматкерлери жылына 20 000 сомдой социалдык төгүм кылышат. Мында мамлекеттик бюджеттен 22 млрд сом кошумча берилип, өлкө казынасына күч келип жатат",- деди Соломатина.
"Социум" коомдук уюмунун өкүлү Кенже Каликазиева саламаттык сактоо тармагын каржылоодогу көйгөйлөрдү көтөрдү. Ал бекер медициналык тейлөө алып жаткан калктын катмарын азайтып, милдеттүү медициналык камсыздандырууну күчөтүүнү сунуштады. Аны менен катар пандемия менен күрөштө сарпталган каржы боюнча маалымат ачык болуп, сайттарга чыгарылып туруусу кажет экенин айтты.
Депутат Акылбек Жапаров келээрки жыл өтө оор болоору күтүлүп жатканын айтып, Каржы министрлиги реформаларды жасоосу керектигин белгиледи. "Эмне үчүн генерал-чиновниктердин пенсиясынын кошумча акчасын алып салууну сунуштап жатасын деп менден сурап жатышат. Генерал же бир убакта чоң кызматта иштеген чиновниктер айына 38-40 миң сом менен пенсияга чыгат. Ага кошумча 18 миң кошумча акы төлөнөт, элестетиңиздер. Бул мыйзамдар Советтер союзунан калган. Аскер кызматындагылар 35 жашынан пенсияга чыгат, мындай адамдардын саны 3500дөн ашат экен. Пенсия менен эле тим болбой мамлекеттик кызматка орношуп алышып, айлык дагы алышат. Ошол эле маалда катардагы жөнөкөй лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыгат. Мектепте 35 жыл жан үрөп иштеген мугалим 4900 пенсия алат экен",-деди депутат Жапаров. Ушундай парадокстон улам пенсиялык фонд кризиске кептелип жатканын белгилеп, өтө жогору өлчөмдө пенсия алып жаткан соң, социалдык төгүмдөрдү да жасашы керектигин айтты.
Булак: NazarNews.kg