www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялын сабап, зомбулукка шектелген адам үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим райондук сот тарабынан кабыл алынган. Тергөө аяктаганга чейин шектүү 22.00дөн 6.00гө чейин жашаган жеринен чыкпашы керек.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда А.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, ал күйөөсү тарабынан сабалган. Чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Үй бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости