www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Лингва” инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте “Жаш адистерге англис тили” программасынын 3-тайпасын улантат. Бул программада 1,5 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер, басма сөз өкүлдөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү үчүн англис тили боюнча бир жылдык акысыз курс өткөрүлөт. Бул тууралуу АКШ элчилиги маалымдады.

🇺🇸🇰🇬 | The U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic together with Lingua Innovative Education Foundation will provide...

Опубликовано U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic Вторник, 22 сентября 2020 г.

Бишкек шаарында 23 министрлик жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери программага катышат. Ички иштер министрлигинен 39, Транспорт министрлигинен 43, Экономика министрлигинен 69, Финансы министрлигинен 23, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 51, Бишкек мэриясынан 54, президенттин жана өкмөттүн аппараттарынан 43 кызматкер англис тилин окуйт. Ошондой эле аймактардагы журналисттердин да тобу бар.

“Жаш адистерге англис тили” программасынын алкагында 2019-жылы 568 катышуучу билим алган. Долбоор 2018-жылдын ноябрь айында башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости