www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке менчик клиникаларда сасык тумоого каршы эмдөө 600 сомдон 750 сомго чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидемкөзөмөл департаментинин дарыгери Чынара Мамбеталиева билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкек менен Чүйдө акысыз эмдөө 16-сентябрдан тарта башталган. Акысыз вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорусу бар, иммунитети алсыз, көп ооруган балдар менен кош бойлууларга, жашы 65тен өтүп калган адамдарга, балдар үйү менен мектеп-интернаттарда тарбиялангандарга, карылар үйүндө жашагандарга, ошондой эле медиктерге сайылат.

Ал эми башка адамдар эмдөөнү акы төлөп алышат. Анткени сасык тумоого каршы бекер эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдардын 13 пайызын гана камтый турганын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлаган.

Бишкекте акы алып вакцина сая турчу клиникалар:

"Цадмир";

"Кроха";

"Малыш";

"Гиппократ";

312-поликлиника;

"Интермедикал";

"Эдельвейс";

"Авиценна";

"Элкрит";

№ 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

№ 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости