www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн таң эрте саат 6:00 чамасында Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын аймагына милиционерлер тобу атайы кызмат аскерлери менен бирге, баардыгы болуп 13 кызматтык унаа менен кирип келишкен. Бул туурасында 5news.kg ге отелдин аткаруучу жетекчиси Белек Сарымсаков билдирди.
«Келишти, каалганы балта менен койгулап, сындырышты, элдин баарынынын, анын ичинен конууга келген чет элдик жарандардын да эси чыгып кетти. Баарын сыртка кууп чыгышты: эртең мененки тамакты даярдап жаткан кызматкерлерди, конууга келгендерди баарын чыгарышып, мүлктү санап киришти. Эмненин негизинде? Соттун чечими менен дешет. Анткени “Ак-Кеменин” 50% мамулк фондусуна таандык. Калган жарымы биздики да. Алар ал гана эмес эч кандай документ көргөзүшкөн жок, киришти да кууп чыгышты. Биздин юристти отелдин аймагына киргизбей жатышат”, - дейт Б. Сарымсаков.
Булак: "5news.kg"