www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буддизм эмне болгон дүйнө түшүнгүм келет. Момун мусулмандар менен отуруп, жакшыны сүйлөшкөн жагат. Баптис досторум, эжелерим бар. Аларга кызыккан суроолорумду берип, библиядан мисалдарды окуган да жагат. Чет өлкөдө чиркөөлөргө сөзсүз кирем, шам жагам.
Тенирчиликтин философиясын күнүмдүк жашоомдо колдоном. Ар бир динден сабак алам. Алардын берген эн чоң сабагы - " Адамгерчилик "!
Кайсы гана динге баш бакпайын көкүрөгүмдө бир эле Кудай турат. Бир гана динге таңуулап, капастап, бир эле эрежеге тыга бербегилечи!
Канчалык динди таңуулап, кыйнаган сайын ал динге болгон жек көрүү гана ойгонот экен. Эркиндик бергиле. Ар динден ооз тийип, кааласак, жүрөгүбүз ыктап турса, ошону тутунушубуз керек, же таптакыр тутунбай койсок да болот.
Тандоодо эркин болушубуз керек ! Динге, тилге, рассага бөлүнгүм келбейт! Дилибиз "адамгерчилик " деген тилде бирдей сүйлөсүн! - дейт Назира Айтбекова.
Бул тууралуу пикирин тележурналист Назира Айтбекова өзүнүн ФБ баракчасына жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg