www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте акыркы стационар жабылды

Бүгүн Бишкектеги спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар акыркы бейтапты сакайтып, үйүнө узатты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Эртең ал толугу менен жабылат. Андагы медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка инвентарлар сакталып, дезинфекциялоо жана кварцтап тазалоо иштери жүргүзүлгөн..

Пандемия убагында күндүзгү жана түнкү стационарлар жалпысынан 106 миң 222 шаар тургунуна медициналык жардам көрсөткөн. Бишкектиктердин ден соолугуна кам көрүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медицина кызматкерлери, санитарлар, ыктыярчылар болуп, жалпысынан 250 киши иш алып барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости