www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Кыргызстан" партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес.

Мекеменин төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, партиянын арызын четке кагуу үчүн сотто негиздүү далилдер бар болчу. БШК коллегиялык орган болгондуктан, мүчөлөрү кеңешип жогорку инстанцияга кайрылуу маселесин талкуулашат.

Буга чейин, партиядан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов: "Сот биздин арызды карап, канааттандырды. БШКнын жумушчу тобунун чечимин жокко чыгарды. Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү чечим чыгарды", - деген ал.

Cвердлов райондук сотунун имаратына жүздөгөн адамдар, партиянын тарапкерлери жана жарандык активисттер соттун чечимин угууга келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости