www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки чымчык Беларуссия менен Украинанын чек арасында жолугуп калышат.
- Каякка баратасың? - дейт Украинадан келаткан чымчык.
- Украинага. - Беларуссиядан келаткан чымчык.
- Эмнеге? – дейт.
- Украинада эркиндик дейт, бир-аз ээн эркин сайрап келсемби? –дейт Беларуссиядан келаткан чымчык.
- Эркиндик го, эркиндик мен Украинада эркин сайрап жатып курсагым ачты, эми Беларуссияга барып курсагымды тойгузуп келейин. –деген имиш Украинадан келаткан чымчык.
Анысы сыңары жакында Беларуссияда президенттик шайлоо өтүп, 80 пайыздан ашык добуш топтоп Александр Лукашенко президент болуп келет. 10 пайызга жетпеген добуш топтогон Светлана Тихановскаянын колдоочулары буга макул болушпай Батыштын жардамы менен Беларуссияда “майдан” уюштурушуп, бул мамлекетти экинчи Украинага айланткысы келишкен. Украиналыктардын отуна май куюшканы менен булардын Батышка таянып жасай турган аракеттери ишке ашпай калды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Москвадагы тиешелүү өкүлдөрү менен жолуккан соң Орусиянын мамлекеттик телеканалы “Первый каналга” Беларуссия тууралуу берилген суроолорго жооп берди.
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун шайлоодон мурун жана кийинки башкаруусу тууралуу сөз кылып, парламент жана мэр шайлоо иштерин жүргүзүү үчүн мыйзамдык реформаларды сунуштаган Лавров: “Лукашенко бул демилгеси аркылуу стабилдүү мамлекетте жашоону каалаган бардык жаран үчүн кол узатты деп ойлойм. Бул кол оппозиция менен аны башкарып жаткан Батыштыктардан айырмаланышы керек, албетте”, -деди. Муну менен АКШ өкүлүнүн дагы Беларуссияда жасалма кризистин чыгуусун каалабаганын ырастады.
Лавров Лукашенконун атаандашы аталып, бирок жеңилүүгө дуушар болгон Светлана Тихановскаянын колдоочулары тарабынан түзүлгөн координациялык кеңеш тууралуу дагы сөз кылды. Россия аталган кеңештин кандай максатта түзүлгөнүн билгиси келерин айтып: “Кеңештин мүчөлөрү, бул кеңешке киргенин кийин билишти. Аларга эч ким айткан эмес. Айрым кишилер кайра чыгып да жатышты. Биз, бул кеңештин кандай максатта курулганын билгибиз келет”, -деди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg