www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-августта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну Д.А., жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Баха аттуу чала тааныш адам 2020-жылдын январь айында унаа сатууга жардам берүүнү шылтоолоп, 10 800 долларлык Тойота Камри унаасын алган. Ал аны башкаларга кайра сатып жиберип, ошол бойдон жок болуп кеткен.
Бул факт Биринчи май РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ШИИБдин оперативдик кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1959-жылы туулган И.Б., кармалып, Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда, тергөө амалдарынын алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катышуусу бар жогу текшерилип жатат.
Булак: NazarNews.kg