www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрдан тартып Орусиядагы өзбекстандык мигранттар Казакстан аймагы аркылуу мекенине кайта алат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин ыкчам штабы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай жарыяларды Орусиядагы жүргүнчүлөрдү жеке автоунаалары менен ташууга кызыктар болгон айрым кишилер таратып жатканы айтылган.

Штаб мындай чагымга алдырбоону суранып, Орусия менен Казакстандын чек арасы тараптар өзгөчө чечим кабыл алганга чейин жабык болорун белгилейт.

Билдирүүдө мекенине кайтууну каалаган өзбекстандык жарандар үчүн аба, темир жол жана автобус менен чартердик каттамдар уюштурулганы, билеттер онлайн режимде сатылып жатканы айтылат.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиядагы темир жол станцияларында 29-сентябрга карата өзбекстандык топтолгон кишилер жок. Станцияларга жакын жайгашкан лагерлер жабылган. 

Булак: centralasian

Последние новости