www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте медициналык кызматкерлердин 30 пайызга жакыны COVID-19 менен ооруп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг билдирди.

Маалымат жыйында жарандардан келген суроолор берилди. Анда: "Аймактык дарыгерлер дарыларды, уколдорду жазып берип жатышат. Бирок ийне сайганга дарыгер жок, шаарга чыгууга мажбур болуп жатабыз. Бала бакча, мектеп, ФАПтардагы медициналык пункттарды ачып, ишке киргизсе болобу?" деген суроону шаар тургуну узатты.

Мадамин Каратаев кадр маселеси жаралып жатканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду. 

"Бишкек жана Ошто орто медперсоналдардын жетишсиздиги бар. Бишкектеги медициналык кызматкерлердин дээрлик 30 пайызга жакыны COVID-19 инфекциясын жуктуруп алып, ооруп жатышат. Мындан тышкары 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлердин көбүн ишке тарткан эмеспиз. Бишкектин чоң делинген конуштарында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, ошол топко кайрылсаңыздар болот. Сунушуңузга рахмат, бул боюнча зарыл болгон тапшырмалар берилет", - деди ал.

Буклак: NazarNews.kg

Последние новости