www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абалы дурус көрүнөт, ал Президенттин иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

-Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен кезиктим, - деди юрист. - Талкуулай турган бардык маселелерди сүйлөштүк. Негизинен, абалы дурус көрүнөт. Дарыгери менен да сүйлөштүм. Эки тараптуу пневмония ырасталыптыр. Азыр тийиштүү дарылануусун алып жатат.

Эске салсак, кечээ, 29-июнда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ооруканага которулганы маалымдалган.

Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы окуя боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага карата козголгон дагы бир иш боюнча жакында өкүм чыгып, ал 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости