www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элин өз ырахаты үчүн жанчып, түпкүргө тыккан мурунку өкмөт башчысы Абылгазиев менен Ирсалиевдин эмне байланышы бар? Экөө эки бир туугандын баласы, ошондуктан Абылгазиев кайсы жакка барса да, куйруктай кылып Ирсалиевди ээрчитип алат. 20 миллион каяктан чыкты?

Абылгазиевди Атамбаев апаптап Соцфондтун жетекчилигине алып келет. Акаев, Бакиев, Отунбаевалар ата-энелерди, багар –көрөрү жокту эптеп багып жаткан Соцфондко аяр мамиле жасашкан. Абылгазиев Атамбаевге таянып, бул фондко келер менен Соцфонд  да акча бизнесинин “аштоосуна” айланды. Соцфондко баш ийген аймактагы мекемелер ыйлап –сыктап мыйзамсыз төлөмдөрүн түз эле “капчыкка” оодара баштаган. Абылгазиев Атамбаевдин колдоосу менен вице-премьерликти баса жыгылат. Ал жакын тууганы Ирсалиевди өзү жетектеп турган Соцфонддун жетекчисинин орун басары кылат. Капыстан кечээ эле кол кармашып, түбөлүк биримдиктемин деп шерттешип турган жердеш укасы Сапар Исаков өкмөт башчысынан ала салып, ордуна Абылгазиев келет. Абылгазиев Сапар Исаков эмне болсо, ошол болсун, бир туугандаш Ирсалиевдин иши илгерилесин деген принципти туу тутуп, өкмөт башчысы болоор менен Ирсалиевди Соцфондко жетекчи кылат. Ортодо “Кыргыз почтасына” бере турган 20 миллион сомдун изи сууйт. “Кыргыз почтасынын”  жетекчиси Марс Наспеков бул элдин акчасын доолап келсе, төбөгө чаап, кызматынан кетиришет. Абылгазиев көмүскө акчага тойбой элдин акчасы 20 миллион сом үчүн жетекчилерди мойсоп жибергенинин бети эми ачылып жатат. Марс Наспековдун ордуна келген жетекчи 20 миллион сомду ордуна койобу же Абылгазиевке карап ыкшыйып, элдин акчасы үчүн күрөшүүдөн тайманабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости