www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жол эрежесин одоно бузган муниципалдык автобустун 20 айдоочусу иштен алынды.
Мэриядан билдиришкендей, күн мурун Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык коомдук транспорт маселеси боюнча кезектеги жыйыны өттү.
Чогулуштун негизги багыты жол коопсуздугу, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери жана аялдама комплекстеринде коомдук транспортту туура токтотуу болуп саналат.
Эреже бузган айдоочуларга эскертүү берилди. Өз кезегинде жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынды.
Жыйындын соңунда айдоочулар тарабынан жол эрежесин сактоону күчөтүү, коомдук транспорттогу тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берилди.
Белгилей кетсек, мындай жыйындар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.