www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 10-марттында болжол менен саат 02:55 чамасында Бишкек шаарынын “102” кызматына  Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде автоунааны уурдап качканга аракет кылып жатат деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, арыз ээсинин үйүнүн короосунда токтоп турган “Honda CRV” үлгүсүндөгү  автоунаасын белгисиз жаран мыйзамсыз ачып, белгисиз тарапка айдап кеткенге аракет жасаган.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери  тарабынан кылмыш изин суутпай шектүү катары 2002-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин районунун ИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Бул факт боюнча Ленин районунун ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рейсттине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин  (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости