www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине мурдагы депутат, Кубанычбек Исабеков Кайрылуу жазды.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президенти болуп турган учурда көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Өзгөчө мамлекеттин коомдук-саясий абалы тууралуу сын-пикирлерин айткандарга карата. Ошондой эле кээ бир саясатчыларга ойдон чыгарылган кылмыш иштери ачылып, мыйзамсыз артынан аңдуулар жана телефондук тыңшоолор болгон. Ошондон улам оор кылмыштардын бири болгон бийликти күчкө салып тартып алуу беренелери менен күнөө коюлуп келген.

Ал эми башкы прокурор менен УКМКнын төрагасы А.Атамбаевдин жеке жазалоочу органдарына айланып калышкан. А.Атамбаев дайыма өзүңөрдүн ак экенинерди тастыктап, чындыкты далилдөө үчүн көчөдөн эмес,  сот аркылуу чечкиле деп келген.

Ошол эле маалда СДПК А.Атамбаевдин учурунда бийликке каршы күрөшүү акцияларына чыгып, көптөгөн митингтердин жана 7-апрель 2010-жылдын митингтеги кан төгүүлөрдүн, “мародерстволордун” аркасы менен бийликке келген. Соттордун адилеттүүлүгү кандай экени баарыбызга белгилүү.

2020-жылдын 2-мартында болуп өткөн митинг тууралуу интернеттен окуп, кайрадан А.Атамбаевдин мезгили кайталанып жатабы деген ойго келдим. Анткени митингтин модератору Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичке, ошондой эле башка уюштуруучуларга өтө оор кылмыштардын беренеси менен күнөө коюлуп жатат. Эл-журт деле түшүнүп жатат, бул деген күч органдары кийинки акцияларга чыккандар дагы коркушсун, ушундай жаза күтүп жатканын билишсин деп жатат. Эгерде чындыгында күнөөсү далилденген болсо, анда сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Жасыксыздык жоромолу бар экенини дагы унутпашыбыз керек.

Мен бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болгон, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана көзөмөлдөөчү орган катары Башкы прокуратурага кайрылат элем ИИМ жана УКМК тарабынан кээ бир митинг уюштуруучуларга карата кылмыш ишин тергөө иштерин жеке көзөмөлгө алууңуздар керек.

Укук коргоо органдары жарандарыбыздын укуктарын коргоодо, коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүдө так жана туура иш алып баруусуна ишенгим келет”, - деп Кайрылуу жазган Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости