www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Эрдоганды бурчка такады

Россиянын президенти Владимир Путин Сирияда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоганды бурчка такады. Бул тууралуу Варшавадагы Чыгыш таануу борборунун кызматкери Матеуш Худзяк Polskie Radio радиосунун эфиринен билдирди.

Өткөн жумада Владимир Путин жана Реджеп Тайип Эрдоган Москвада Идлибдеги кырдаал тууралуу беш сааттан ашуун сүйлөшүшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ал жакта согушту токтотууга макулдашышкан.

Матеуш Худзяк Идлибдеги кырдаал февраль-март айында кризистик деп атады. Ал эми, мунун негизги себеби Идлибди жарым-жартылай көзөмөлгө алууну жоготуу Анакара үчүн катастрофа болот. Анын айтымында,Москвада Россия менен Түркиянын президенттери бардык талаш-тартыштарды чечишкен эмес.

Матеуш Худзяк өлкөлөр кызматташып баштаган негизги макулдашуу- М4 жана М5 унаа жолу боюнча фронт тилкесинин фиксациясы маанилүү деп билдирди.

Алар Дамаск, Латакая жана Алеппону бириктирет. Ошон үчүн Сирия президенти Башар Асаддын режими үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости