www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын 49 жаштагы тургуну Мусаев Талайбек Казиевич аттуу жаран “Финка Банктан” кредитке акча алып, мөөнтүнө жеткирбей төлөйт. Банк акча кредиттик эсепке түшкөн эмес деп, үстүнө үстөк кошкон. Бул туурасында кредит алуучу Мусаев Талайбек NazarNews маалымат агенттигине келип айтып берди.
Мусаев Талайбек “Финка Банктын” кардарга кылган катачылык мамилесинен улам, бул көйгөйгө чара көрүп берүүсүн өтүнүп, президентке жана тиешелүү органдарга кайрылат .
Мусаев үй-бүлөлү, 4 баланын атасы, турмуштук тиричиликке пайдалануу үчүн 2018-жылдын март айында “Финка Банктан” 150 000 (жүз элүү миң) сом акча алган. Банктын койгон талабы боюнча, 2019-жылдын май айында, мөөнөтүнө жеткирбей төлөгөн. Мусаев мурунку кредиттимден кутулдум деп, дагы кредит алуу үчүн аталган банкка кайрылган. Ал учурда банк кызматкери төлөнгөн акча банктын кридеттик эсебине түпшпөй калганын айткан.
Мындан улам Мусаев “Финка Банкка” арыз жазган. Анда төмөндөгүдөй жооп келген.
“Сиз ойлогондой айтылып жаткан мөөнөтүнөн мурда төлөгөн акчаңыз кредиттик шартта түшпөй, келечектеги эсепке түшүп калыптыр, мындай жагдайда, банктын кызматкерлери кетирген катачылыктан улам, банктын системасы тарабынан сиздин кредиттик эсебиңизге 2019-жылдын 20-майынан баштап, 2019-жылдын 24-сентябрына чейин кредиттин пайыздарынын эсебине 6 109 сом 86 тыйын (алты миң бир жүз тогуз) сом (сексен алты тыйын) алынып калган. Бирок банк бул сумманы сиздин эсебиңизге салууну туура көрдү. Кызматкерлер кетирген катычылык үчүн кечирим сурайбыз”,-деп Мусаевдин жазган арызына жооп беришкен.
Ал эми 2020-жылы Мусаев кайрадан арыз менен кайрылган. “Финка Банк” буга бир нече талаптар менен жооп берген.
“Кредитти төлөөдөн 30 күн мурда кредит төлөө үчүн алдын ала кат жазуу керектигин жана ал эреже сакталбай, кредитти мөөнөтүнөн мурда жапкан учурда, кредиттик келишимдин №1 тиркемесинин негизинде банк айыптык санкция колдонуп, кредиттик төлөмдөн сырткары, кредиттин негизги суммасынын 3.00% үстөк туум алууга укуктуу” деп жазган.
Кредит алуучу банктын берген жообун канаттандыраарлык эмес деп эсептейт.
“Бул банктын кетирген катасы, мен эмне үчүн төлөп бүткөн кредитти дагы төлөшүм керек. Мен ал акчаны төлөп бүткөм. Менде бардык документтер бар. Мен кредит төлөөрдүн алдында кызматкерден кайра-кайра сурап атып төккөм. Үстөк кошкон анысын дагы төлөгөм. Эми мени бир да банктан кредит алгыс кылып кара тизмеге киргизип салышты. Мен көп жылдан бери кредит алып келем. Банк кредит алуучуларга ушундай мамиле кылууга укуктуубу!? Карапайым жарандарды эки эселеп акча төлөтө берсе болобу? Бийликке, өкмөт башчыга жана тийиштүү органдарга кайрылам, ушул маселени карап, чара көрүп берүүсүн өтүнөм”.
Бул ишти тактоо иретинде NazarNews маалымат агенттиги “Финка Банктын” Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылындагы кеңсесине телефон чалып кайрылганыбызда, Чыңгыз аттуу кызматкер биздин сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.
Булак: NazarNews.kg