www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында 10дон ашык оорукана жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайда эле 80 миң 924 адам бул тумоону жуктуруп алса, алардын 62,8 миңден ашыгы айыгып ооруканадан чыгарылган. Мындан улам Ухань шаарында коронавирус жайылган соң курулган 14 оорукананын 11и жабылды. Калган бейтаптар коронавируска чалдыккандарды кабыл алуучу башка ооруканаларга жөнөтүлгөн.

Эпидемия башталгандан бери Кытайдагы бир катар стадион жана көргөзмө борборлору убактылуу ооруканаларга айланган. Мындай бейтапканалардын бири-Цзяокоу тараптагы мекеме алгачкылардан болуп 1-мартта жабылган.

Эске сала кетсек, 11-марттагы маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирусту 114 миңден ашык адам жуктуруп, анын көбү сакайды (65 762). Ал эми каза тапкандардын саны 4 284кө жетти.

Илдет көп катталган өлкөлөр Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея жана Франция болууда.

Оору алгач декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости