www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

💐Дайыма Күн нуру жайыла баштаганда аз болсо дагы садака бер. Анткени ал күнөөлөрдү кетирет, бардык кырсыктардан алыстатат. Жүрөгүңдү жумшартып, ырыскыңды көбөйтөт. ⠀ 💐

Бир иштин майын чыгарып иште. Улам бир нерсени тандап өмүрүңдү текке кетирбе. Ийгилик акырындан тамчыдай тамып отуруп океанга айланат. ⠀ 💐

Болоор-болбос иштерге эле чаң-тополоң сала бербе. Көз коркок, кол баатыр. Көзүң жетип, жүрөгүң сезсе чоң иштерди баштай бер. ⠀ 💐

Эсиңен чыгарба: ачка болсоң тоюнасың, чаңкасаң суусунуң канат, оорусаң айыгасың. Кейий бербе. Эгер ажалың келген болсо, оорубай, чаңкабай деле өлөсүң. ⠀ 💐

Жүрөк кадимкидей чарчайт. Сен кээде таттуу же кычкыл жегиң келип калгандай эле, жүрөк дагы азыктанууну каалайт. Анын азыгы китеп окуу. ⠀ 💐

Уул-кыздарыңды көбүрөөк жыттап өпкүн. Анткени алардын сүйүнүчү, толкунданган сезимдери үчүн Жараткандын сага мээрими төгүлөт. ⠀

💐Адамдар жашаган жерде сөзсүз ууланган сөздөр жебедей учуп жүрөт. Сен андайларга дайыма даяр жүр. Сен аларга эмес, Кудайга эсеп бересиң. ⠀ 💐

Миллиондогон акчанын ээси, кээде автобуста баратканын көрөсүң. Бир аз тыйындуу болуп, жардамчыларды ээрчиткен мактанчаак жан дүйнөсү кедей адамды Жараткан жактырбайт. ⠀ 💐

Качыр төөдөн сураптыр: Сен эмнеге менчилеп чалынбай басып баратасың деп. Төө айтыптыр: Мурдуңдун учун карабай тээ алысты карап бассаң чалынбайсың деп. ⠀ 💐

Кыла турган иштериңди кагазга жаз. Жазылган кыялдарың тагдырга айланат. Тагдырга айланган тилек сөзсүз башыңа келет. ⠀ 💐

Анан эмес, эртең эмес. Азыр тур дагы Жаратканга сөз бер: Болду жакшы адам болом! ⠀ 💐

Күйдүм-сүйдүм азгырма сүйүүлөр бекер өмүрүңдү гана алат. Үй-бүлөңдү берекеге ороп сал. Жылмай, жылмайт. Эркеле, эркелет. Айланаңдагы бакытты алыстан издебе. ⠀ 💐

Көзүң өтөөрдө балдарыңа ушундай айта тургандай жаша: Силер менден уяла тургандай эч бир жаман иш кылбадым. ⠀ 💐

Эч качан бирөөнүн кемчилигин жарыя кылып шылдыңдабагын. Сенин кемчилигиңди Кудай кааласа ачыкка чыгарып койот. Чапсаң чабыласың, сөксөң сөгүлөсүң. Не жасасаң сөзсүз бир күнү өзүңө кайтып келет.

Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Булак: NazarNews.kg

Последние новости