www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 10-мартында УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- тергөө иш-чараларынын учурунда 250 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда КР жарандары Ош областынын Кара- Кулжа районунун тургуну 1960-ж.т. С.у.Ж., Нарын областынын Жумгал районунун тургуну 1964-ж.т. Ш.М.А. жана Чүй областынын жашоочусу 1965-ж.т. Н.Р.С. кармалышты. Бул тууралуу  NazarNews маалымат агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандар «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик иш канасынын жетекчилеринин биринен, Кара- Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын сурап, кийин 250 миң АКШ долларга түшүрүшкөн. Ошондой эле С.у.Ж. карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмы-иши козголгону аныкталды.

Муну менен алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында С.у.Ж. КР Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости