www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте бала сатууга шектелип колго түшкөн дарыгерлердин ишинин чоо-жайын азырынча тактай элек. Териштирүү аракеттери 10-сентябрда башталарын министрдин орун басары Мадемин Каратаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя тууралуу министрликке расмий маалымат түшө элек.  Баш калаадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Алар экөө экени кабарланганы менен Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы шектүүлөрдүн бири убактылуу тергөө абагына киргизилгенин билдирген. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү жана алар иштеген медициналык мекеме тууралуу маалымат айтылган жок.

Эске сала кетсек, айрым маалыматтар боюнча, сот шектүүлөрдүн айрымдарын абакка камакка алуу чечимин чыгарса, айрымдарынын эркиндиги чектелген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости