www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки кыздын апасы турмушка чыгып жаңы күйөөсү менен түтүн булата баштаган. Анда өгөй атасы алгач кыздарга жакшы мамиле кылып, кийин аялы жумушта кармалып калганда оозго алгыс кылыгын баштаган. Үй ээси түндө кыздардын кичүүсүн короого чыгарып салып, улуусу менен үйгө бекинип алат.

Жаман оюн ишке ашырган соң "эгер муну бирөө айтсаң апаң менен сиңдиңди өлтүрүп коем"- деп коркуткан. Кичинекей кыз болгон окуянын барын эч кимге айтпай төрт жыл  жүргөн. Бул убакыт аралыгында шектүү анын сиңдисин да зордуктап, жада калса аялын төрөтканага жаткызып коюп, жашы жете электер менен эки күн бою жыныстык катнашта болгон.

Күндөрдүн биринде аял Бишкекке бир нече күнгө кете тургандыгын кыздарына кабарлаганда улуусу чыдыбай ыйлап жиберген. Ал өгөй атасынын буга чейин кылган былыктарынын баарын айтат. Анын сөзүн дарыгерлер да тастыктаган.

Соттолуучу күнөөсүн мойнуна албай, кыйноого алынып көрсөтмө бердим деп жан алакетке түшкөн.

Бирок экспертиза ал камакта жатканда ага катара күч колдонулгандыгын аныктай алган эмес. Эми ал өмүрүн аягына чейин түрмөдө болот.

Булак: "Спутник кж"

Последние новости