www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасы дүйнөнүн баңгизаттарын даярдоо жана чийки зат өндүрүү боюнча наркотрафиканын ири жолдорунун булагы болуп жайгашкан.Ошондой эле баңгизаттарын даярдоо жана кыянаттык менен колдонууга байланыштуу негизги көйгөйлөр узак убакыт бою менен өзүнүн олуттуу таасирин тийгизип келет. Мындай терс көрүнүштөр өлкөдө туруктуулукка, калктын ден-соолугуна айрыкча жаш адамдарга олуттуу коркунуч туудурат. Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 26-июнда жыл сайын дүйнө жүзү боюнча баңгизатын  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү эл аралык күнү деп белгиленет.

Кыргыз Республикасында ушул күнгө чейин ар кандай алдын алуу иш-аракеттери жана үгүт түрдүү өтүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана башка укук коргоо кызматкерлеринин атайын жүргүзгөн иш аракеттеринин негизинде алынган чон партиядагы баңги заттарын жок кылуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Мындай иш-чара Бишкек шаарынын Патриса Лумумбу көчөсүндөгү 9 аймакта өттү. Бул Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана БУУнун баңгизаттары боюнча кылмыштуулук башкармалыгы (UNODС) менен биргеликте уюштурулган иш-чара. Акциянын максаты калктын арасында бангизаттарын ташууга жол бербөө болуп саналат.

Акциянын жүрүшүндө 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары жок кылынды. КРнын ИИМдин БЗМЖККК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш аракететринин жана кылмыш иликтөөлөрүнүн жүрүшүндө алынган 3 тонна 53 кг баңгизаттары өрттөлдү.

Алынган 3 тонна 53 кг баңгизаттарынын ичинен 162 кг героин, 139 кг гашиша, 2,5 тонндан ашыгы марихуана жана 139 кгдан ашуун опиум болгон. Бул баңгизататрыннан бир нече баңги өлчөмдөрү даярдалмак. Бардык күйүү процесси укук коргоо түзүмдөрү менен ыйгарым укуктуу эксперттер тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Катышуучулар баңгизаттарын таратуу жана наркомания менен күрөшүү бүт планеталык көйгөй экендигин белгиледи.

Бул иште маанилүү ролду эл аралык уюмдар менен кызматташуу ойнойт. Айрыкча БУУнун баңгизаттар менен күрөшүү боюнча кылмыштуулук башкармалыгы (UNODС) болуп эсептелет деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости