www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын айлык маянасын өз убагында ала албай калышы негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу кечээ парламентте миграция маселелери талкууланганда маалымат берип жатып Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, Орусияда жумуш берүүчүлөрдүн топтолгон карызынын эсеби 46 миллион рублге жеткен болсо, азыр анын 16 миллиону гана өндүрүлгөн.

Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев талкуу учурунда 1 миллион мигрант 25 жыл ичинде Кыргызстанга 50 миллиард доллардай киреше алып келгени тууралуу маалыматтарды келтирди.

Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 600 миң адамды түзөт.

Талкуу соңунда «Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе боюнча жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөр сунушталып, анын төрагалыгына депутат Каныбек Иманалиев, ал эми мүчөлүгүнө депутаттар Аида Касымалиева менен Наталья Никитенко кирди. 

Булак: "azattyk.org"

Последние новости