www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-октябрда Бишкектеги «Калыс-Ордо» жаңы конушунда мыйзамсыз жерди басып алуу аракеттери жасалып, 100гө чукул адам чуу салган. Алардын айрымдары мамлекетке караштуу жерге казыктарды кагышып, ээлеп алуу аракеттерин жасашкан.

Маалыматтарга ылайык, окуя түшкө жакын болгон. Бул маалымат тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарына жетээр замат, шаар жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, укпай коюшкан соң, алар милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болушкан.

«Жерди мыйзамсыз басып алууга аракет жасагандардын уюштуруучулары шаардык №5 милиция бөлүмүнө алынып келинди, учурда алардын өздүк жеке маалыматтары такталууда», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда мэрия өз алдынча жеке аракети менен жерди басып алуу 1 жылдан 3 жылга чейин, ал эми массалык түрдө басып алууга катышкандыктары үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин, аларды тукургандар же алардын уюштуруучулары болсо 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылаарын эскертет.

Буга чейин Бишкекте үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүгө мораторий киргизилген.

Ооба, Бишкекте жер басып алуучулук тээ, мындан 30 жыл мурун эле - эгемендик алган күндөн тартып болуп келет. Бирок, баам салсак, жер басып алуучулуктун көпчүлүгү режим, бийлик алмашканда, өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп турган учурларга туш келген. Туура, эгемендик алган жылдары жер басып алгандардын дээрлик баары, андан кийин айрым басып алуучулар жерлерди  басып алган бойдон ээлик кылып алышкан. Бирок, анда заман башка болчу, талап да реалдуулукка жакын эле. Кийинкилерчи? Андан кийинкилери бийлик алмашкан сайын ар кандай тукуруулар менен саясий өңүттө жүрүп олтурганын баарыбыз билебиз. Бүгүн заман башка. Кандай болгон күндө да мыйзам мурунку жылдарга караганда жандуураак. Баарыбыз билебиз, азыр жер басып алуудан эч кандай майнап чыкпасын.

Демек, мындан чыкты бул ишке ашпачу көрүнүштүн артында өлкөгө башаламандыкты баштоо, кандайдыр бир провакациялык иштерди тутантуу аракеттери катары карапайым адамдарды колдонуп көнүп калышкан кайсыдыр бир күчтөр (үчүнчү күч дебей эле коелучу, ал модадан калды) тураарын божомолдобой эле мындай айта берсек туура болчудай. Эч качан ошол 100гө чукул карапайым адамдар өз алдынча мындай кадамдарга барышмак эмес. Албетте, бул эми укук коргоо органдарынын иши, бирок, эртеби-кечпи уюштуруучулар менен анын артында тургандар ачыкка чыгат деп ишене туралы. Эгерде, бул көрүнүш ушул бойдон бүттү-бүттү болуп кала берсе, анда арты жакшы болбойт го...

Бул – кечээги “Калыс-Ордодогу” окуя - бийликке болгон кандайдыр бир олуттуу коңгуроо.      

Булак: NazarNews.kg

Последние новости