www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Пакистандын эки жараны камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 14-октябрда саат 15:40 чамасында Исакеев менен Виноградный көчөсүнүн кесилишинде чет өлкөлүк жарандар мушташып кеткен. Милиция 30 кишини кармап, милиция бөлүмүнө алып барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.  

Ошондой эле, Эл аралык медицина университетитин өкүлү уруш учурунда окуу жайдын мүлкү талкаланды деп арыз менен кайрылган. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык  беренеси боюнча катталып, сотко чейин териштирүү иштери башталган.

“Кылмышка шектүү делип Пакистандын жарандары 2000-жылы туулган К.М. жана 2000-жылы туулган М.М. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”,- дейт маалыматта.

Бишкек ШИИББи сотко чейинки териштирүү иштеринин жыйынтыгын кийинчерээк  маалымдаарын жана окуу жайдын жектечилигине юридикалык баа берилерин билдирди.

Бугап чейин окуу жайдын өкүлдөрү “эч кандай мушташ болгон эмес, жөн эле кыйкырышып, түртүшкөн. Эч ким жабыркаган жок”,- деп айтышкан. Ошондой эле, чыр-чатак жатаканада керебет талаштан улам чыккан деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости