www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Пхеньян шаарында беттеш өткөрдү. Оюнда көрүүчүлөр да, камералар да, голдор да болгон жок. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, стадиондо бир гана көрүүчү болгон, ал – ФИФАнын президенти Жанни Инфантино.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турниринин алкагында жолугушкан. Бул эки команда 1990-жылдан бери биринчи жолу беттеш өткөрүп жатышат. Оюн 0:0 эсеби менен аяктаган.

Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү, журналисттер да виза ала алышпай койгон, футболчулар менен тренерлер гана уруксат берилген. Ошону менен катар, түндүк кореялыктардан да эч ким футбол беттешин көрө алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости