www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы жугуштуу илдеттердин жаңы ооруканасынын курулушу графиктен артта калууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Кубатбек Боронов аталган объектиге барып, бүгүн жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу менен таанышкан.

Маалымат кызматы өкмөт башчы жумуштун создугуп жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, иштин сапатына байланыштуу бир катар арыздар түшүп жаткандыгын белгилегенин кабарлады.

Буга чейин Боронов сентябрдын башында аталган оорукананын имаратынын курулушу дээрлик аяктап калгандыгын айткан эле.

"Курулуш жана көрктөндүрүү боюнча бардык иштер кыска убакыттын аралыгында бүткөрүлүшү керек. Куруу жумуштары өз мөөнөтүндө аяктайт деп айтылган. Жетишпей калдыңар. Силерге дагы убакыт берилди. Бардык ишти максималдуу түрдө ыкчам аяктоо зарыл", — деди Боронов.

Ишти аткаруучу фирманын жана Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Бороновго бардык жумуштар жакынкы аралыкта бүтөрүн айтышкан.

"Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жугуштуу илдеттердин жаңы ооруканасында өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимациялык блок каралганын маалымдашты. Ал эми бардык бөлмөлөр тиешелүү жабдуулар менен жабдылып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. Курулуш жумуштары бүтөрү менен медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу, жайгаштыруу иштери башталат", — деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда акыркы апталарда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кайрадан арбый баштады. 30-сентябрга берилген маалыматта 147 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости