www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дарыгерлер тобу Баткенге барат

Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды дыкат иликтөөгө тийиш. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күнүнгө көбөйүүдө. Өзгөчө Баткен облусундагы кырдаал бизди тынчсыздандырууда. Айтылган облустардагы абалды иликтөө үчүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу бүгүн аймакка барат. Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу тынч, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл. Аталган аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктоо шарт. Коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткандарды аныктап, ооруканага жайгаштыруу же  үй карантинине алуу мүмкүнчүлүгүн кароо  максатында мурдагыдай эле, үймө-үй кыдыруу иш-чарасын өткөрүү керек. Мындан тышкары борбор калаадан барган дарыгерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптештерине консультацияларды беришет», – деди премьер-министр.

Өкмөт башчы аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облус жетекчилеринин жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертти. 

«Ишенип жетекчиликке алууга берилген аймактарда ар бириңер ишти так жүргүзүүгө тийишсиңер. Эгерде кандайдыр бир маселе чыгып, кыйынчылыктар жаралса, элдин массалык түрдө оорушуна алып келишине жеткирбей токтоосуз түрдө Республикалык ыкчам штабга кайрылуу керек. Калк арасында санитардык нормаларды сактоонун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Бул иштер жарандардын ден соолугун сактоо максатында жасалат», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Муну менен катар премьер-министр штабдын кийинки отурумунда жарандарды сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук жугуштуу ооруларга каршы эмдөө иштери, ошондой эле COVID-19дун вакцинасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости