www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын кичирайондорунун тургундарына бекер юридикалык кеңеш берүүчү «Тилектештик автобус» 25-октябрдан тарта жолго чыгат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдиргендерге караганда, акция үч күнгө созулат.

Алгачкы кеңеш берүү эртең, «Алтын-Бешик», «Көлмө», «Жеңиш», «Бугу-Эне-Багыш», «Ак-Ордо» жана «Ак-Өргө» конуштарында болору айтылууда.

Маалыматта айтылгандай, муниципалитет аталган иш-чараны БУУнун баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, КР адвокатурасы жана КР юстиция министирлиги менен биргеликте уюуштурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости