www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин талаптарына ылайык, аймакка эл аралык бренд берүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан да колдоо болушу абзел.

Маданият минстрлигинин маалыматына караганда, “Кол өнөрчүлөр шаары” макамын берүү үчүн дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия  келди. Комиссия кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана  кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет. Ысык-Көл жана Нарын облустарына  аймактык бренд наамынын берилиши аймактагы элдик кол өнөрчүлүктүн, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө шарт түзөт.

Айта кетсек, ушул жылдын май айында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кол өнөрчүлөрдүн шаарын түзүү боюнча демилгечи топтун жыйыны болуп өткөн. Анда, бул демилге Кыргызстандын эки аймагын, тактап айтканда Ысык-көл облусу “Боз үй шаары” жана Нарын облусу “Кийиз кездемелердин шаары” макамына сунушталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости