www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар маалыматтык агенттиктер бүгүн, ички иштер министрлигинин дарегине терс сын-пикирлерди айтып, анда криминал баш көтөрүп, ал эми өкмөт алсыз экендигин көрсөтүп, ишкерлер Кыргызстандан чыгып кетип жатышканын, акча каражаттарын чоң компаниялар гана эмес, орто бизнестегилер дагы өлкөдөн чыгарып жатышкандыгын жазышып жатышат. Муну менен катар кримчөйрөсүнүн башчыларын жана УКТ мүчөлөрүн кармап, криминал менен күрөшүүдө саясий эрктин жоктугу белгиленүүдө. Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги атайын билдирүү таратты.

Анда Кыргызстанда криминалитет бат өскөнү боюнча билдирүүнүн өзүндө эч кандай негиздер жок жана чындыкка дал келбешин, криминалитет башын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин, анткени ИИМ мыйзамдын үстөмдүгүн коргоп, адамдын укугу менен эркиндигин коргоп жатканын, мурдагы жылдарда криминал өздөрүн ээн-эркин сезип, башын көтөргөн убактар болгону менен, азыркы убакта өлкөдө сөз эркиндиги болуп, криминалдык курамдар менен аёсуз күрөш тынымсыз жүрүп жатканы айтылат.

“Мадина” кафесинин ээсинин өлүмү боюнча билдиребиз, аталган кылмыш ишин ачууга ИИМдин, Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган. Кылмыш белгилерин дыкаттык менен жашырууга аракет кылгандары менен, ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине түшүп, өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелгендердин баарын кармашты. Аталган коомдук кызуу талкуу жараткан кылмыш иштин ачылышы тарыхта кала берет. Тилекке каршы, “Мадина” кафесинин ээсинин өлүмүн алдын алууга үлгүрбөй калдык. Дайынсыз жоголгон ишкерди тактоо максатында көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мүлккө ээ болуу, опузулап талап кылуу, карактоо, адам өлтүрүү максатында адамды уурдоого шектелген бүтүндөй кылмыштуу топ кармалды.

Ал эми, “Осьминог” кафесинин өрттөлүшү боюнча болсо, ички иштер органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү кармап, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Муну менен, кафени өрттөгөн шектүүлөр 2017-жылы опузалап талап кылуу жана ишкерди коркутуу менен кармалышкан, иштин материалдары иликтөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлгөн. Бирок, соттук органдар тарабынан биринчи жолу шарттуу түрдө соттолгон соң, алар кайрадан кылмыш жасап, алар үчүн ишкердин кафесин өрттөөгө эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. 2018-жылдын январында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында белгисиз адамдар “Осьминог” кафесин өрттөп кетишкен. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмү (өрттөө жолу менен атайылап мүлктү жок кылуу же жараксыз кылуу) кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ошол эле жылдын жайында ички иштер органдарынын кызматкерлери ИИМде УКТ мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турган Ысык-Көл облусунун эки жашоочусун кармашкан. Алардын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда баңгизаттар менен ок-дарылар табылган. Аталган факты коомдук кызуу талкуу жараткандыктан, ишкердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында мамлекеттик коргоого алынган. Аталган кылмыш ишин иликтөө ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө болуп, ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан бир катар иштер жүргүзүлгөн. Кафени өрттөө фактысы боюнча кылмыш ишинде төрт адам жүрүп, алардын көпчүлүгү ИИМде УКТ мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турушкан. Жыйынтыгында алар өрттөө, анын ичинде баңгизаттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо үчүн соттолушкан. Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар дайым алдыда турат. Кээ бирөөлөрдүн Кыргызстанда криминалитет башын көтөрүп жаткандыгы жөнүндө билдирүүлөрү негизсиз экендигин белгилейбиз. Ички иштер министрлиги ар дайым укуктуктартипти бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча өз милдеттерин так аткарып келүүдө. Министрликтин эң маанилүү багыттарыны бири катары жарандардын жеке коопсуздугун, укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыгын камсыздоо эсептелинет", -деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости