www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада чет элдик жаранга өздөрүн милиционермин деп тааныштырып, акча талап кылган эки киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-февралда ИИМдин ички иликтөө кызматына Түштүк Кореянын жараны кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн милиционермин деп тааныштырган адамдар андан 8 миң доллар талап кылышкан.

“7-февралда талап кылынган сумманын 2 миң долларын алып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Саат 21:30да ИИМдин ички иликтөө кызматы менен тергөө кызматы атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада алар Бишкектин тургундары экендиги белгилүү болгон.", — деп айтылат маалыматта.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүүлөр чет элдикке өздөрүн милиционер катары тааныштырып, кызмат көрсөткөндүгү үчүн акча сурашкан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда алардын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости