www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдар Акаевдин сөөгү жерге берилди

«Москвада бүгүн, 8-февралда тунгуч президент Аскар Акаевдун уулу Айдар Акаев жерге берилди. Ал, Троекуров кабырстанына коюлду», деп билдирди коомдук активист Аскат Тейит. «Акыркы сапарга узатуу зыйнатына эки жүздөн ашуун адам, белгилүү саясатчылардан Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков катышты», деп кошумчалады Аскат Тейит.

Эске сала кетсек, Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында бир кыз, эки уулу калды. Ал акыркы жылда жүрөк оорусу менен жапа чегип жүргөн. Ал эми 5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан каза болуп жерге берилген эле.

Тунгуч президентибиз, Аскар Акаевге жана жакындарына NazarNews.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты көңүл айтабыз! Урматтуу Аскар Акаевич, уулуңуз Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости