www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин капчыгын толтургандарга баракелде дейли

Бийликтин бир бучкагын тарткылагандардын баары эле кантип жемсөөсүн толтурсам экен деп эки көзү чанагынан чыккыча кызартаары белгилүү. Ошол үчүн салыкта, бажыда, прокуратурада, милицияда, чоң окуу жайда иштегендердин басымдуу бөлүгү алдым, жуттумдугу аркылуу элге жаман көрүнүп алышты. Чанда гана мекенчил, ак жүрөк жетекчини жолуктурарың чындык.

Ошентсе да акыркы жылдарда Кочкор-Атадагы тургундардын “Кыргызнефтегаздын” чоңуна болгон көз карашы таптакыр оң жагына бурулуп калды. Анткени мурдагылар жалаң гана “крышаларынын” айтканын кылып, элдин ырыскысын ошолорго багыттап келгени боюнча “өчпөс” легендалар аңыз болуп айтылып жүрөт. Кайсыл партиянын баштыктары кантип беш колун салууга тымызын аракет кылганын ушул шаарчанын кимисинен сурасаң да илгиртпей айтып берет. Баштагы ”босстордун” көпчүлүгү азыр деле бармагындагы майын жалаганга даяр.

Тилекке каршы бул тармакты Рашит Бостонов жетектегенден бери карай бири да мурдагыдай тиш салалбай калышты деген кептин акыйкаты бар. Мен деген кыйындар бул башчыга салам-дубаларын айтып, кыйла тоскоолдуктарды жасашканы менен анчейин майнап чыгара алышпады. Анан калса эмгек жамаатында иштегендердин оокаты оңолуп, маянасы арбып, сергек эмгектенүүгө шарттар түзүлгөндүгү Бостоновдун иш билги экенин биротоло бекемдеди. Көрсө жөнөкөй жумушчуга камкордук көрүүнүн өзүндө чоң жетишкендик жатканын сезүүгө анча акылдын кереги тийбейт экен.

Эми ток этерин айтсак, өткөн жылы бул тармак 140 миң тонна “кара алтынды” ашыкча өндүрүүгө жетишишти. Учурда мазутту Грузияга экспорттой баштагы жыл башындагы жакшы жышаан десек болот. Майда-чүйдө арифметикалык сандарга токтолуунун кажети деле жоктур? Мамлекеттин капчыгын кампайткандарды баракелде деп койсок ашыкча болбостур? Эң негизгиси- өкмөт мындай тармактарга белсемдүү, адамдар менен тил табышууга жарамдуу, чыныгы мекенчил адамдарды тартууга ниеттенсе жакшы натыйжаларга жетерибиз калетсиз.

Шайлоого шылтоолоп “салык” салууну көздөдү дегиче өндүрүш артка кетип, жумушчулардын деми сууй түшөт. Рашит Бостоновдун алган багыты түз, көздөгөн чеги бийик. Ошондуктан Кочкор-Атада “атмосфера” барган сайын тазаланып баратат. Мыкты жетекчиге болсо омоктуу ийгиликтерди ыроолойбуз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости