www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандар баңги лаборатория уюштурушкан. Бул тууралуу 27-июнда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 14-июнда 1994-жылы туулган К.А.Ю. жана 2002-жылы туулган Л.Е.Е. кармалган. «Сводка АКИpress>>> редакциясынын маалыматы боюнча, кармалгандар Россиянын жарандары. Алар Кыргызстанга 2023-жылы келишкен.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр турак жайды ижарага алып, ал жерде каннабис өстүрүү үчүн нарколаборатория уюштурушкан. Өсүмдүктөрдүн уругун интернет-дүкөндөр аркылуу алып, аларды интимдик мүнөздөгү буюм катары жашырышкан.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгү (өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү топтошуп алып мыйзамсыз өстүрүү) беренеси менен катталды. Тергөө жүрүп жатат.

 

Э

Последние новости