www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 370 даана атайын техниканы берүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммеруия министрдигинен билдиришти.

Макулдашууга кыргыз тараптан экономика министри Бакыт Сыдыков, ал эми кытай тараптан Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Лю Цзянпин кол койду.

Макулдашууга ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы үчүн 370 даана атайын техниканы жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат.

Документке кол коюу Кыргызстандын министирлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтыктын алкагында ишке ашты.

Жеткирилген техникалар Кыргызстандын Суу ресурстары кызматына өткөрүлүп берилет. Долбоордун жалпы суммасы 148,9 млн юанды түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу Суу ресурстары кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт жана ирригациялык объекттерди натыйжалуу пайдаланууга жана тейлөөгө көмөктөшөт.

Бул долбоор Кытай өкмөтү тарабынан гранттык жардамдын негизинде жүзөгө ашырылат.

Последние новости