www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-июнда саат 17:31 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы көпүрөнү алып кетти. Азыркы учурда эки тараптуу жол жабык. Жолду ачуу боюнча тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жалпы 950 адамды эвакуациялап, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үйү) жайгаштырды.
Эвакуация иштерине Кант шаарынын мэриясынан 11 кичи автобус, райондук транспорт кызматынан 8 кичи автобус пайдаланылды.
Министрликтин маалвматы боюнча, суунун көлөмү турукташты. Турак үйлөр жана башка инфраструктура объектилери жабыркаган жок.