www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда алты жетим балага жер тилкеси берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы жана Чаткал райондорунда алты жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында аларга жер тилкелери жана тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылган.

Жалпысынан 2025–2026-жылдары облус боюнча ата-энесинен ажыраган балдарга 19 батир жана 32 жер тилкеси берилген.

Последние новости