www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек менен Тбилиси шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
5-октябрда Тбилисиде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Тбилиси шаарынын мэринин орун басары Георгий Ткемаладзе менен жолугушту.
Жолугушууда шаардык инфраструктура, коомдук транспорт, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана шаардык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Бишкек тарап Тбилисинин транспорт системасын модернизациялоо жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу боюнча тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле Бишкек менен Тбилисинин ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү маселеси талкууланды.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын делегациясы «Тбилисоба-2026» майрамдык иш-чараларына катышып, Тбилисинин шаардык инфраструктурасы жана асма транспорт системасы боюнча тажрыйбасы менен таанышты.
Делегация Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен Бишкекте асма жол долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулады.
Тараптар мындан ары кызматташууну улантып, тажрыйба алмашууга даяр экенин билдиришти.