www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу тиешелүү органдар билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам талаптарын бузуу менен тыюу салынган синтетикалык торлорду жана электр балык уулоочу жабдыктарды («электроудочка») колдонуу учурлары катталган.

Рейд учурунда жалпы узундугу 500 метр болгон синтетикалык торлор жана электр балык уулоочу жабдык алынган.

Аталган фактылар боюнча 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуларга жалпы 36 миң сом айып пул салынды.

Чүй облусунда балык уулоо жана аңчылык эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддер улантылууда.

Последние новости