www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарында 10 билим берүү мекемесинин ачылыш аземи өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда уюштурулду.
Алардын катарында Патрис Лумумба көчөсүндөгү №83 мектептин 1200 окуучуга ылайыкталган кошумча корпусу да пайдаланууга берилди.
Эки кабаттуу жаңы имаратта 40 окуу кабинети, эки компьютердик класс, спорттук жана бий залдары, китепкана, ашкана, актовый зал жана медициналык пункт каралган.
Мындан тышкары, «Ак-Ордо», «Красный Строитель», «Киркомстром», «Кашка-Баш», «Арча-Бешик», «Калыс-Ордо», «Өскөн-Ордо», «Көк-Жар» жана «Дордой» конуштарында дагы мектептер жана алардын кошумча корпустары ачылды.