www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы Сүрөттүү-Таш айылында №60 Сүрөттүү-Таш жалпы билим берүү мектеби ачылды.

Жаңы мектеп өлкө боюнча ачылган 20 социалдык объектинин катарына кирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда пайдаланууга берилди.

Мектеп 500 окуучуга ылайыкташкан. Анын курулушу быйыл апрель айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.

Мектепти көрүп чыккан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, окуучулардын билим сапатына басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле мэр окуучулар арасында дилбаян сынагын өткөрүп, мыкты жыйынтык көрсөткөндөргө стипендия ыйгарууну убадалады.

Последние новости