www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-октябрда, Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» спорт комплексинде кыргыз күрөшүнүн легендасы, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасы жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Бекбоевич Дөңбаевди акыркы сапарга узатуу аземи өттү.
Ага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, спорт тармагынын өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери жана маркумдун жакындары катышты.
Аземде Урмат Асанбаев Жеңиш Дөңбаевдин кыргыз күрөшүнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, анын бай тажрыйбасы жана тарбиялаган шакирттери спорт тарыхында өчпөс из калтырганын айтты. Ошондой эле маркумдун эмгеги жаш спортчулар үчүн үлгү болорун белгилеп, жакындарына көңүл айтты.
Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев 3-октябрда 81 жашында дүйнөдөн кайткан.
Маркумдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.